www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагаев айыл чарбасында иштесе болмок, Маданият министрлигинде саргайбай... 

Маданият министринин орун басары бар Марат Тагаев деген. Кошоматты кабаттап айтып жүрүп, Эдил Байсаловдун аркасында кызматка жеткен. 

Мына ушул жигит өз ишин түшүнбөйбү, же деңгээли кошоматчылыктан көтөрүлбөй калгандан уламбы, айтор өзүнүн кызматтык милдетине кирбеген тармакка мурдун тыккан адатынын кесепетинен жаштайынан тез эле жек көрүндү абалга жетип калды. 

Дегенибиз, өзүнүн маданият тармагындагы көйгөйлөрдү чечип кыйратып койгонсуп, айыл чарбасынын маселелери тууралуу акылдуу пикирлерди жазып эксперт болуп алганы анекдот болуп айтылып жатат. 

Мына буга дейре Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев малга салык салуу мыйзамын демилгелеген кезде, айтылуу Тагаев: "Малга салык салууну колдойм. Малы жок же аз киши төлөбөйт. Ал эми малдуу киши төлөйт. Ал деле көп сумма эмес экен. Ал акча башка жакка кетпейт. Ошол эле айылдын кем-карчына жумшалат.

Бул жакшы ишке кирсе айылдын бюджети да толо түшөт. Мисалы, кээ бир айылдар бар, таштанды талаасын тосконго бюджетинде 100 миң сому жок. Бирок, таштандыга какап, 100 миң сомдук уйлар өлүп калат. Динде да малдын зекети берилиш керек", - деп жазып күлкүгө калган. Президент бул мыйзамды четке кагып, такыр эле мыш болгон. 

Тилекке каршы, куру челек катуу калдырайт дегендей, "көнгөн адат калабы уйга жүргөн салабы" болуп, 

Орто-Токой суу сактагычында топтолгон суу такыр какшып калганын көргөн эл бушайман жешип, талкуу кылышса, баягы Тагаев дагы куюшканга кыпчылып, "Орто-Токой көл эмес суу сактагыч экенин, топтолгон суу айыл чарбасына пайдаланыларын айтып келжеңдебегиле" дегенди жазып чыкты.

Мындан улам, Тагаевди Маданият министрлигинде саргартпай, айыл чарба тармагына эксперт катары иштетсе майнап чыгармак окшойт дешип коомчулук икая кылып, мыскылдашты. Чынында айыл чарбаңда иште деп айылына жиберишсе пайдалуу болмок беле?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости