www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын (ЭБУФжБА) жамааты, Акипресс маалымат агенттигине алардын окуу жайына тиешелүү болгон окуу корпусу менен студенттер жашаган жатаканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиги эч кандай соттун чечими жок эле мамлекетке алып, Башкы прокуратуранын ыкчам башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча буйрук чыгарып койгонун, натыйжада Башкы прокуратура имараттарды өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын айтышып маалымат жыйын өткөрүшкөн.
Буга байланыштуу укуктарын коргоп берүүнү өз көзөмөлүнө алууну суранып, Өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан.
Анда бөрк ал десе баш алган аракеттер болуп жатканы айтылып, ЭБУФжБАнын имараттарын мамлекет алып алса, ал жерде иштеген 150дөн ашык окутуучулар менен окуу жайдын 1 500дөн ашык студенттери жаңы окуу жылы башталаар алдында көчөдө калышса, алардын тагдыры эмне болот деген тынчыздануу айтылган.
Мына ушул окуу жайдын жамаатынын президентке кайрылган кайрылуусунан соң,
Башкы прокуратура Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын (МАУПФиБ) негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз ээлеп алгандыгы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталганы боюнча маалымат таратты.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалашып Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүнүн 6 жана 6а даректериндеги 3 кабаттуу окуу корпусун, 5 кабаттуу жатаканасын жана 1,7 га жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышканы, ошол убакыттан бери 200 млн. сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй, мыйзамсыз жогорку окуу жайы катары пайдаланып келишкени айтылат.
Ошондой эле, Башкы прокуратуранын тарабынан келтирилген прокурордук актыларынын негизинде мыйзамсыз жана жасалма документтер жокко чыгарылып 445 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылганы белгиленет.
Учурда, кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарга тийиштүү юридикалык баа бериле турганы маалымдалган.
Мындай чырлуу иштерден улам Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Академия Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу деген негизде жогорку окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензиясы токтотулганы белгилүү болду. Ал эми Академиянын студенттери башка окуу жайларга которуу маселеси каралып жатканы айтылды.
Булак: NazarNews.kg