www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.

Мамлекет башчысына жаңы беш кабаттуу объекттин курулушу 2021-жылдын ноябрында башталганы маалымдалды.

Аталган окуу имаратынын жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт. Ага 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс кирет. Жаңы имараттын долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандустарды жана лифтти орнотуу каралган.

Университеттин жаңы имаратында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.

Мугалимдик кесиптин өзгөчө ролун белгилеп, Президент Садыр Жапаров имараттын курулушун 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы келечекте аталган окуу жайдан өсүп келе жаткан муунга пайдалуу билим бере ала турган жогорку квалификациялуу педагогдор чыгышын каалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости