www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров менчик автомектептердин ишин токтотууга байланыштуу мурдагы жарлыгынын мөөнөтүн 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Ага ылайык, 1-октябрга чейин автомектептердин ишин апробациялык режимде жөнгө салуучу тиешелүү документтер иштелип чыгат.

Буга чейин жеке автомектептердин лицензиялары убактылуу токтотулуп, айдоочуларды окутуу мамлекеттик автомектептерге өткөрүлгөн. Бийлик бул чечимди жол кырсыктарын азайтуу жана айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупцияга бөгөт коюу зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Мамлекеттик автомектептерде окуу мөөнөтү 10–12 айга чейин узарган. Буга чейин айдоочулук курстар орточо 2,5–3,5 айга созулчу.

Последние новости