www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда суудагы «Формула-1» — UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабын даярдоого жана өткөрүүгө 2 миллион доллардан ашык каражат жумшалды.

Бул тууралуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мелдештин Кыргызстан үчүн экономикалык пайдасы 12,5 миллион долларга жакын болду.

«Үч күндүн ичинде иш-чарага 14 миң 600 адам келди. Ошол күндөрү Бает айылындагы мейманканалардын баасы 70 доллардан 400 долларга чейин өстү», — деди Кубатов.

Мындан тышкары, мелдеш эл аралык 44 платформа аркылуу көрсөтүлгөн. Адатта бул платформалардагы берүүлөрдү 300 миллиондон 800 миллионго чейин адам көрөрү айтылды.

Ал эми социалдык тармактарда чемпионат тууралуу материалдарды көргөндөрдүн саны 200 миллиондон ашкан.
Эске салсак, UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Кыргызстандагы этабы 1-августта Бает айылынын аймагындагы Ысык-Көлдө башталып, үч күнгө созулган.

Мелдешке 13 өлкөдөн 8 эл аралык команда жана 18 пилот катышкан. Жарыш деңиз деңгээлинен 1 607 метр бийиктикте өтүп, F1H2O тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп калган.

Жарышта спортчулар саатына 250 чакырымга чейин ылдамдыкка жете алган жогорку технологиялуу катамарандар менен күч сынашты.

Жыйынтыгында баш байгени учурдагы дүйнө чемпиону, америкалык пилот Шон Торренте багындырды.

Экинчи орунду швециялык Эрик Старк, үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стремой ээледи.

Последние новости