www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-майда Садыр Жапаров Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жолугушууда Кыргызстан аймактык коопсуздукту жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган ар кандай демилгелерди активдүү илгерилетип жатканын билдирди.

Ал жамааттык коопсуздукту бекемдөөгө, өз ара жардам берүү механизмдерин өнүктүрүүгө, ошондой эле заманбап коркунучтарга биргелешип каршы турууга күч-аракеттер жумшалаарына басым жасады.

Ал эми ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу заманбап коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле тыгыз маалымат алмашууну жана аракеттерди координациялоону жолго коюу зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары жолугушууда ЖККУнун укуктук базасын өркүндөтүүнү жана аскердик-техникалык кызматташтыкты чыңдоону аскер кызматчыларын окутуунун жана кайра даярдоонун биргелешкен программалары аркылуу бекемдөө маанилүү экендиги талкууланды.

Последние новости