www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкерлигин койгон саясатчы Садык Шер-Нияз конституциялык реформанын алдында башкаруунун формасын аныктап алуу тууралуу сунуштан улам Конституциялык кеңешме ишин токтотушу керек деп эсептейт. Бул жергиликтүү ЖМКлардын бири жазып чыкты. 

Садык Шер-Нияз эгерде 10-январда Конституциянын жаңы долбоору референдумга чыгарылбаса, кеңешме ишин токтотушу керек деген пикирде.

"Азыр эмне үчүн Конституциялык кеңешме иштеп жатат? Бул түшүнүксүз. Анткени эл биринчи парламенттик, президенттик же аралаш башкаруу системасы болобу, чечип алышы керек. Эл ушуну чечип алгандан кийин гана кеңешме түзүлүп, ал ишин башташы керек. Себеби, парламентаризмге багытталган же президенттик башкарууга багытталган Конституция түп-тамырынан башкача болот. Бул Баш мыйзамды кайта жазуу деген сөз. Эгерде эл парламенттик же аралаш башкарууну тандаса бул кеңешменин ишинен эмне пайда? Кеңешмеге адистерди чогултуп алып, алардын убактысын, көз майын коротуп, акылын, энергиясын короткондун таш-талканы чыгат да. Менин жеке пикиримде кеңешме ишин токтотуш керек",- дейт Садык Шер-Нияз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости