www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүүдө.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2010-жылдагы окуяларда өлкөдөн чыгарылып кеткен 300 млн доллар боюнча пикирин билдирди.
Ага Бакиевдерди экстрадициялоо жана ошол кезде өлкөдөн чыгарылып кеткен 300 млн доллар тууралуу суроо берилди. Жапаров 300 млн доллар боюнча маселени карап көрөрүн айтты. Ошондой эле, ал Апрель окуяларына күнөөлүүлөр боюнча да токтолуп өттү: «2010-жылдагы окуяларда бир гана Бакиевдер күнөөлүү дегендин өзү туура эмес. Чындап карап чыкканда, ал жерде башка күнөөлүүлөр да бар. Эми аларды экстрадициялоо маселеси 10 жылдан бери ишке аша элек. Мен азыр бул маселени караганга жетише элекмин. Бирок, мурунку бийликтин аракетин мен улантам», — деп кошумчалап кетти.
Булак: NazarNews.kg