www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эгерде менин укугум болсо, Алмаз Атамбаевди эртең үй камагына чыгарып коёт элем” – деп билдирди бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а. Садыр Жапаров пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жапаровдун айтымында, мындай учурда бардыгы бийликти узурпациялап, диктатура орнотуп жатат деп айтышат.

«Ал Кой-Таш окуясы боюнча, Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кармалган. Мен өз оюмду айттым: колдон келсе үй камагына чыгарып койсок, анан сотко барса деген оюмду айткам. Бирок мен прокурорлорго же сотторго тапшырма бере албайм », – деди ал.

«Октябрь окуясында кармалгандардын бардыгы бошотулду. Ошол эле Курсан Асанов үй камагына чыгарылды, жаш балдар дагы бошотулду. Мен баарына: эч кимди кармоонун кажети жок, саясий куугунтукка барбайлы, түрмөлөрдү толтуурунун эч пайдасы жок, андан көрө экономика тармагы боюнча иш алып баралы деп айтам. Адамдарды абакка отургузуу менен биз эч нерсеге жетише албайбыз. Ошондуктан билдирүүлөр үчүн куугунтук болбойт ”, – деп кошумчалады ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости