www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-апрель күнү социалдык тармактагы баракчасында эмгек акыны жогорулатуу боюнча билдирүү жасады.

Кайрылуунун тексти (өзгөртүүсүз берилди):

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар эле эмес, бүткүл дүйнө элдери кыйын акыбалда турганы талашсыз.

Анткени былтыртан бери “Ковид-19” оорусу каптап, дүйнө жүзүнүн дээрлик 80 пайыз мамлекетине карантин киргизилип, айрым мамлекеттерде жашоо кыймылы бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу жандандырыла элек. Тескерисинче, айрым өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилип жатат.

Албетте, ушундай абалда дүйнө жүзүндө тамак-аш эле эмес, күнүмдүк жашоого керектелүүчү товарлардын баары кымбаттады. Себеби пандемияга байланыштуу өндүрүш ишканалардын көпчүлүгү токтоп калган. Тартыштык пайда болду.

Жашоо күн өткөн сайын оорлошуп жатканын көрүп турабыз. Жеңилдетүү үчүн, биринчи кезекте, эмгек акылар, пенсия-пособиелер көтөрүлүшү керек экенин баарыбыз жакшы билебиз.
Ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз.

Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ЦСМ) кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга 1-апрелден баштап көтөрүлдү.

Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары биринчи июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт.

Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия-пособиелерди жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоо булактарды таап, көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен.

Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия-пособиелерди жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз.

Эмне үчүн биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлүп жатат деген суроо туулушу мүмкүн.

Биринчиден, албетте, медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлоду.

Экинчиден, өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен. Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости