www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте башкаларга сабак болушу үчүн ички иштер министри Уланбек Ниязбековду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев министрди парламент кетирип же өзү арыз жазышы керектигин билдирди. Ошондой эле, ал Ниязбековго кайрылып, качан отставкага кетерин сурады.

«Биз териштирели кимдин кайсы жерде күнөөсү бар экенин ошого жараша чечим чыгарабыз. Ооба, моралдык жоопкерчиликти сезебиз, ар бир жарандын коопсуздугу үчүн жооптуубуз», - деп жооп берди ИИМ башчысы.

Айзаданын өлүмү

5-апрелде Айзаданы үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди.

Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Бир үйдүн жалгыз кызы, Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Каргашалуу окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөр жазалансын, мындай көрүнүштөргө жол берилбесин жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан деп шек саналган төрт адам кармалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости