www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-декабрда өлкө президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, түрдүү тармактарда өз ара байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулады.

Садыр Жапаров Илхам Алиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага чың ден соолук, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ал тарыхый достуктун жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизделген өлкөлөрдүн биргелешкен кызматташтыгын жогору баалап, бул иште Илхам Алиевдин жеке чоң салымын баса белгиледи.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ал азербайжан тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости