www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Мамлекет башчысынын Аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге бүгүн, 27-мартта, Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембилик өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов дагы катышты.

Ишембиликтин катышуучулары сейил бакка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, аймагын тазалап, көрктөндүрүштү.

Ошондой эле, Садыр Жапаров Президенттин Аппаратынын кызматкерлери менен баарлашып, өлкөдөгү болуп жаткан коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга токтолду.

Ал түрдүү кандай гана деңгээлдеги шайлоолор ал жергиликтүү кеңештердеги же өлкө парламентиндеги шайлоо процесстери болсун, каалаган деңгээлде таза жана ачык шайлоону өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров бийликтин алмашуусуна алып келген эгемендик мезгилиндеги элдик толкундоолордун үчөө тең адилетсиз шайлоого нааразычылыктан улам болгонун эскерди.

Мамлекет башчысы шайлоону калыс жана таза өткөрүү - бул мамлекетте тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги экендигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости