www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөрдөн 410 тонна алтын алынса, дагы 300 тонна алтыны каяка кеткени белгисиз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Кумтөрдө 1992-жылы фабрика курулуп, 1997-жылы алтын өндүрүлө башталды. Биринчи 19 тонна алышкан. Кийин 16-17 тонна алып жүрүштү. Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Рыскелди Момбеков “410 тонна эле алтын алыныптыр” дейт. Туура эмес, ал жерден 716 тонна алтын казылган. Азыр суроо жаралат 300 тонна алтын каяка кетти? Ушуга жооп издейм. Кумтөр - Кыргызстандагы алтындын запасы эң көп кендердин бири. Муну иштеткен “Центерра Голд Инк” компаниясында мамлекеттин 26,6%дык эле үлүшү бар. Кумтөрдүн “Центерра Голд Инк” компаниясы түбүнө жеткени калды.  Азыркы мезгилде “Кумтөр” кени мыйзамдуу келишимдерге ылайык, өлкө казынасына 13 %, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 1 % салык төгөт. Бул абдан аздык кылат”, - дейт коомдук ишмер.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости