www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш!», - деп белгиледи Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүү аземинде.
Анын айтымында, алдыңарда туруп ант берип жаткан ушул салтанаттуу ирмемдерде – эки миң жылдан ашуун тарыхы, ар түрдүү окуяларга бай, күнү тууган замандарда Азияны дүңгүрөтүп улуу дөөлөт курган, жаза тайып алдырган замандарда далай азап-тозокту да баштан кечирген байыркы элимдин бүгүнкү тагдыры жана келечеги үчүн өтө жогорку жоопкерчилик мойнума тагылганын эң жакшы түшүнүп, бир эсе толкунданып турамын, деди.
«Бул жоопкерчилик жөнөкөй жоопкерчилик эмес. Байыркы мезгилдеги Барсбек-каган жана анын үзөңгүлөштөрү, берегиде Мухаммед Кыргыз жана анын мүдөөлөштөрү, кечээгиде Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана алардын санаалаштары өз кезинде кыргыз элинин келечеги тууралуу кандай санаа чегип, түмөн ирет түйшөлүп, кандай жоопкерчиликти аркалашса, дал ошондой озуйпаны көтөрүү жана өтөөсүнө чыгуунун милдети биздин алдыбызда турат.
Бул жоопкерчиликти өзүмдүн санаалаштарым жана замандаштарым менен чогуу тартууга белсенүү, Ата-Журт алдындагы андай ыйык миссияны жетектөө мен үчүн өлчөөсүз сыймык!», - деп баса белгиледи өз сөзүндө Садыр Жапаров.
Булак: NazarNews.kg