www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-январда шайланган президент Садыр Жапаровдун кызматка расмий киришүү үчүн ант берүү аземи өтүп жатат.Аймактардан, жер-жерлерден келген айрым адамдардын азем өтүүчү жайга кире албай калганын кабарлады.

Мындан улам коопсуздукту көзөмөлдөгөн күч органдары менен келген элдин ортосунда нааразылык жагдай жаралып, аксакалдар «Садыр Жапаровду кызматка биз алып келгенбиз. Филармонияга биз да киришибиз керек, жолду ачкыла!» — деген талаптарын коюп жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнтбек Касмамбетов филармонияга чакырылган коноктордун 70%ын жер-жерлерден келген карапайым адамдар болорун маалымдаган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости