www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биз 30 жылдан бери кыялданып, курулай убадаларга ишенип келдик", - деп бүгүн, 28-январда ант берүү аземинде Садыр Жапаров билдирди.

--"Калың эл көтөрүлүп парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга мурдагы президенттин, өкмөт башчысынын кетишине алып келди. Улуттук ынтымакты сактоо үчүн чоң жоопкерчиликти мойнубузга алып, абалды турукташтырдык. Анын ичинде мен дагы жан таттуу экен деп отуруп алган жокмун. Ооба биз 30 жылдан бери кыялданып, курулай убадаларга ишенип келдик. Биз парламентаризмдин идеясын теңирден тескери түшүнүп, жалпы саясий маданиятты калыптандыруу мүдөлөрүн кадыресе бизнес долбооруна айландырып алдык. Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградацияланышына алып келди. Мамлекеттүулүгүбүздүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости