www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров мамлекет башчы катары алдына койгон негизги иш максаттарын айтты. Бүгүн, 28-январда кызматка расмий түрдө киришүү салтанатында сүйлөп жатып ал 2020-жылдын октябрындагы саясий окуяларга токтолуп, элдин ошондогу үмүтүн актоого аракет кыларын белгиледи:

«Чыдамдуулуктун да чеги бар. Андыктан 5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык-калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги максаты болмокчу. Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумуш орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыз кылуу, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептеймин», деди ал.


Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости