www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз фашизмди жеңдик, бирок бүгүнкү күндө балдарыбызды тарбиялоодо уттуруп жатабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

“Бир нече бала Жеңиш аянтындагы Түбөлүк от менен ойноп, аны өчүрүп жаткан видеону көрүп, жүрөгүм ооруду.
Биздин балдарыбыз тарыхыбызга, баалуулуктарыбызга кайдыгер мамиле кылып, вандализмге барып жатышканы өтө кейиштүү.
Мына жакында дүйнөдө 9-май белгиленет. Бул күн - боордош республикалардын бардык тургундары сыяктуу эле биз – кыргызстандыктар үчүн дагы өзгөчө күн. Бул биздин мурасыбыз, биздин азабыбыз жана сыймыгыбыз. Бул күндү биз эч качан унутпай, эстеп турушубуз кажет жана мындай балээ эч качан үйүбүздө, Мекенибизде болбошу үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек.
Биз фашизмди жеңдик, бирок бүгүнкү күндө балдарыбызды тарбиялоодо уттуруп жатабыз.
Жогорудагыдай окуялар кайталанбашы керек. Бул биздин тарыхыбызга, мурасыбызга жана ата-бабаларыбыздын эрдигине жасалган чыккынчылык.
Албетте, бул балдарды табабыз. Бирок жазалоо үчүн эмес, аларга өз иш-аракеттеринин пастыгын түшүндүрүү үчүн табабыз.
Коомубузда мындай балдар бар, демек биз же тарбияда, же билим берүүдө бир нерсени эстен чыгарып жатабыз же бир нерсеге көңүл бурбай жатабыз. Андыктан, биз ушул багытта көп иштешибиз керек. Балдар биздин тарыхыбызды жөн эле билип тим болбостон, ата-бабаларынын эрдиктеринин баасын, баркын толук аңдап түшүнүшү керек, алар менен сыймыктанышы зарыл! Бул биз умтулуп жаткан маданий жана адеп-ахлактык тарбия менен ажырагыс байланышта.
Достор! Быйыл биз Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын жана Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгын белгилейбиз! Мен баардыгыңыздарды бизди тынчтык дүйнөдө жашашыбыз үчүн өз өмүрлөрүн берген, ден соолуктарын курмандыкка чалган ата-бабаларыбыздын элесине жана эрдиктерине таазим этүүгө чакырам!”, - деди өлкө башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости