www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиадага катышпайт. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Олимпиадалык комитетинин сайтына жарыяланган. 

Маалым болгондой, мындай чечим 25-мартта Пхеньянда өткөн Спорт министрлиги менен Кореянын Олимпиадалык комитетинин биргелешкен жыйынында кабыл алынган.

Кореянын расмий өкүлдөрү өз билдирүүсүндө Олимпиададан баш тартуусун "спортчуларды коронавирустан коргоо максатында жана өлкөгө жайылтпоонун алдын алуу үчүн" деп белгилешкен. 

Белгилей кетсек, коронавирус илдетинин бир дагы учуру Түндүк Кореяда расмий катталган эмес.

Түндүк Корея 1988-жылдан бери биринчи жолу Олимпиадага катышуудан баш тартып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости