www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоого байланышкан бюллетень чыры боюнча пикирин жергиликтүү гезиттин өкүлү менен маектешкенде айтты. Анын айтымында, айрымдар добуштар уурдалып, бюллетендер алмаштырылганы тууралуу айтып жатканы абсурд.

«Республика боюнча шайлоо участогунун 31 000 мүчөсү бар. Элестетиңиз, 31 000 адамдын катышуусу менен түн катып бюллетендерди көтөрүп алып, чуркап жүрүшкөнүн. Азыр 3 киши менен кыңыр иш кылсаң бир заматта билинип калчу заман», - деди президент.

Ал бийлик тараптан БШКга эч кандай кысым болбойт, деп белгиледи.

«Эгер эле, бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 000 мүчөсү бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын», - деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости