www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев чет өлкөдө жашаган банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязовду 2011-жылы Жаңы-Өзөндө болгон окуяны уюштурууга күнөөлөдү.

Назарбаев "QAZAQ: Алтын адамдын тарыхы" аттуу өзү жөнүндөгү фильмде Эгемендүүлүк майрамынын алдында болгон Жаңы-Өзөндөгү башаламандыктардын артында Аблязов турганын айтты.

"Маараке учурунда аянтта майрамдап жаткан кишилерге чабуул жасоо – бул Аблязовдун иши. Эми баары түшүнүктүү болду, биз муну иликтеп чыктык. Демек, акча берген, мунайчылардын кийимин да кийгизип койгон, аракка тойгузуп, Молотов коктейлин даярдаган. Эгемендүүлүк күнү. Аянтта эстрада концерти өтүп жаткан, кишилер турган. Алар концертти бузган. Аны менен токтоп калбай, полиция кеңсесин талкалоого барышкан. Курал-жарактарды издешкен", – деген Нурсултан Назарбаев.

Жаңы-Өзөн окуяларына байланыштуу 2013-жылдагы соттук отурумдарда Аблязовдун ысымы аталган эмес. Жапырт башаламандыкты уюштурууга 37 мунайчы айыпталып, кийин үчөө акталган. 16 мунайчы шартуу түрдө эркинен ажыратылса, 13ү түрмөгө кесилген. Соттолгондор кысымга жана кыйноого кабылганын билдиришкен, бирок бийлик бул тастыкталбаганын айткан.

2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган. Эгемендүүлүк майрамын утурлай бийлик мунайчылардын нааразылыгына карабай, аянтта боз үйлөрдү тигип, 16-декабрда майрамдык иш-чара уюштурган. Күбөлөрдүн айтымында, салтанат учурунда чагым болуп, сахнадагы үн күчөткүч жана башка техникалар талкаланып, башаламандык башталган.

Полиция табелдик куралдан ок чыгарган. Бийлик муну башаламандыкты, бейбаштыкты жана талап-тоноочулукту токтотуу аракети катары мүнөздөгөн. Бирок шаардыктар тарткан видеолордон полиция качып бараткан адамдарды атканын көрүүгө болот. Иш таштаган мунайчылар менен аянтта жүргөн карапайым кишилер жабыркаган.

Назарбаев Жаңы-Өзөнгө трагедиядан бир нече күн өткөн соң барган. Ал эмгек жаңжалын курчутуп жиберген аткаминерлерди айыптап, кан төгүү үчүн жоопкерчиликти чет өлкөдөгү үчүнчү күчтөргө жүктөгөн, бирок аты-жөндөрүн атаган эмес.

Эл аралык коомчулук жана укук коргоочулар тобу Казакстанды Жаңы-Өзөн окуясын тыкыр жана бейтарап иликтөөгө чакырган.

Бир нече сериядан турган "QAZAQ: Алтын адамдын тарыхы" аттуу даректүү тасма республикалык телеканалдардын эфиринен көрсөтүлүүдө. Тасманын бет ачары быйыл июль айында болгон. Фильм Назарбаевдин интервьюсуна негизделген. Тасманын автору — Оливер Стоун. Батыш басылмалары аны "пропагандалык эпопея" жана автократтын керт башына сыйынуучулук катары мүнөздөп, сынга алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости