www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украина чек арасына жакын жердеги чыңалууну азайтышы керек. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү учурунда айтты.

2-декабрдагы жолугушуу Стокгольмдогу ЕККУнун министрлеринин саммитинин алкагында өтүп, 40 мүнөткө созулду.

Блинкен Орусияны Украинанын чек арасына жакын жердеги аскерлерин чыгарып кетүүгө, Украинаны коркутууну токтотууга чакырып, бул чыңалуунун азайышына түрткү болорун белгиледи.

Мамдепартаменттин жетекчиси АКШ Донбасстагы куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга катышууга даяр экенин ырастады.

Өз кезегинде Лавров Украинаны АКШнын геосаясий оюндарына тартуу олуттуу кесепеттерге алып келерин белгилеп, Москва буга жооп кайтарууга аргасыз болорун билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн башында Лавров Москва менен Вашингтон кызыкчылыктар балансын издей турганын айтты. Министр НАТОнун чыгышты көзөй жылышына тынчсызданып, бул Орусиянын улуттук коопсуздугуна таасирин тийгизерин билдирди.

Украина менен Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын чек арасына жакын аймактарга аскердик топторун көбөйтүүгө айыптап, муну аскердик кол салууга даярдык аракети катары көрүшүүдө. Москва айыптоолорду четке кагып, Киевдин жана НАТО өлкөлөрүнүн аракеттеринен коркунуч байкалып жатканын билдирүүдө. Күн мурун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия Украинага кол сала турган болсо, Батыш күчтүү экономикалык рычагдарын колдонорун эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости