www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде "сбой" болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт.

Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат.

Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок.

Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула", - деп жазды өлкө башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости