www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: «Бүгүнкү Баш мыйзамды мен жазган жокмун»

“Мен бир жумадан бери барын көрүп жатам. Бир жумадан бери мен акылдарына келер, айтып жаткан калптарын барын оңдоор деп сабырдуулук кылып отурам. Бирок, карап отурсам, күндөн-күнгө күчөп барата жатышат, ошондуктан чыгып аларга жооп беришке туура келди” – деп билдирди Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалга берген маегинде Конституциянын жаңы долбоору боюнча суроого жооп берип жатып.

“Текебаев, Отунбаева, Иманалиев, Садык-Шер айтып жаткан Конституциянын жаңы долбоору – бул 2010-жылдан бери талкууланып келе жаткан долбоор. Бул 2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Мен болгону 2 гана сунуш киргиздим. Бул долбоорго 2010-жылдан бери 90 алакеттен өткөрүп, курултайчылар чогулуп талкуулап келе жаткан нерсе болчу. Мунун башында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Баяс Турал баштаган 20дан ашык адам турат автор болуп. Бул жерде акедемиктер, юридика илиминин докторлору, кандидаттар бар, андан башка уюмдар дагы бар. Мен киргизген сунушум: 3 баштуу башкаруу бийлигин жок кылып, президенттик менен өкмөттүк аппаратты бириктирип, бир эле башчы (президент) болсун деп жатабыз. Курултай институту кирсин, парламент калсын деп жатабыз. Биз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деп Конституцияны түзүп жатабыз. 2010-жылы Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Конституциянын кесепетинен бүгүн келип сазга баттык. Эгер мен “ханский” Конституция менен жашай турган болсом.. бүгүнкү Конституция – “ханский” Конституция. Бүт бийлик президенттин колунда, спикерди дагы, премьер-министрди дагы президент дайындайт. Утуп келген партиялар президенттин көзүн карап отурат, ким спикер болот, ким премьер болот деп. Соттордун барын президент шайлайт. Мен жеке кызыкчылыгымды көздөсөм, ушул Конституция менен жок эле дегенде 3 же 5 жыл башкарып отура бербейт белем. Мага жеке кызыкчылыктын кереги жок, мага тез арада саясий реформаны жасап, бардык саясатты унутуп туруп, ак барактан экономика менен алек болуу деген ниет бар болчу. Ошон үчүн 2010-жылдан бери келе жаткан долбоорду, мен айткан сунуштарды эске алып, парламентке киргизгенбиз. Анткени, мыйзам жазуу укугу 3 гана кишиге берилген: өкмөткө, депутаттарга жана 10 миң шайлоочуга. Ошон үчүн Жогорку Кеңешке берип, анда дагы 80ден кем эмес депутаттын демилгеси менен кирет деп мыйзам менен көрсөтүлүп калган. Муну алар демилгелеп жатат, алар мыйзамдын автору эмес. Кол койгон депутаттар өздөрү да түшүнбөй калды. Текебаев кыйкырып чыкса эле коркуп кетишти дагы “туура эмес кирип жаткан окшойт” деп, колдорун чакыртып алган 4-5 депутат болду. Бирок кеп анда эмес, “чимкириктер карайбы?”, “парламенттик мөөнөтү өтүп кеткен” деп дагы жазып чыгышпадыбы. Муну өкмөттүк эмес уюмадар, түшүнүп-түшүнбөгөндөр жазып жатат. Ошондон кийин биз кеңештик дагы, Конституциялык кеңешме түзүлсүн дагы, ошолор карасын дедик. Мына бүгүн ар тармактын өкүлдөрүнөн турган 90дон ашык адам талкуулап жатат. Ошол эле Текебаев, Отунбаева Конституциялык кеңешмеге барып сунуштарын бере алат. Илимдер академиясында күнүгө талкуу жүрүп жатат” – деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости