www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан дүйшөмбү күнү ачам. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

“Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө:

Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери Курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана
(албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык.

Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам“, – деп билдирүү жазды Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости