www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүндөй мамлекеттин оор жүгүн алуу мага буйруптур. Мындай пикирди  Садыр Жапаров “Ала-Тоо аянтында тарапташтары менен жолукканда билдирди.

--“Мен президенттик милдет расмий алганда бул милдетти  аркалайм. Элибизди адилет башкарып, ак кызмат өтөйм деп ишендирип кете алам. Жалпы кыргыз элине, мекенибизден алыста жүргөн мекендештерге ыраазычылык билдирем. Эң өнүккөн өлкөгө айландыруу менин башкы максатым.

Кыргызстан ата –бабалардан мураска калган ыйык жер. Мекенибизди коргоп шейит кеткен ата-бабалардын эмгегин унутпайбыз. Эл, жерди коргоп кызмат кылууга даярмын. Ошону менен катар менин атаандаштарымы сыйлайм жана терең урматтайм. Президент болуп толук кандуу киришээр менен аларды бирге кеңешүүгө чакырам.   Биз алакандай элбиз. Бөлүнбөй өлкөнү өнүктүрөлү. Кыйын шартта турган Кыргызстанды өнүктүрүүгө жардам берип кызматташууга чакырам. Бирге күрөшкөн кумурска пилди дагы жеңет деген кеп баарыбызга тийиштүү.

Өлө келечегине ишеним менен алдыга жылалы. Урматтуу элим, мага кол кабыш кыласыздар деп ишенем. Бүгүнкү жеңиш бул менин жеңишим эмес. Бул  ар бир добуш берген жарандын жеңиши. Бул добушту келечек үчүн бердиниздер. 30 жылдан бери  биз күткөн күн келди. Ар бир президент же парламент келген сайын үмүт кылганбыз. Мындан ары мыйзамдуулук жана акыйкат орнойт. Мен айтып койоюн бир адамдын диктатурасы болот деп жатышат. Мен сөз берем андай болбойт. Бир гана адилеттүүлүктүн диктатурасы болот.

Урматтуу тарапташтарым, добуш берип эле тим болбой, туура эмес кылсам туура жолго салып туруңуздар. Мындан ары демократиялык жол менен кетебиз. Кабинеттен чыкпай иштегенди токтотобуз”, - деди Жапаров.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости