www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерришти жыл сайын 24-октябрда белгиленчү БУУнун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

Жапаров - Кыргызстан БУУну дүйнөдөгү эң маанилүү маселелерди чечүүчү борборго айланган абройлуу жана универсалдуу эл аралык уюм деп тааный турганын белгиледи. Ушунун негизинде уюмдун жалпы сессиясынын дебаттарында маанилүү эл аралык демилгелерди көтөргөнүн, алардын эң олуттуулары — 2022-жылы "БУУ — Борбор Азия" саммитин өткөрүү жана "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык" жарыялоо болгонун айткан.

"Жалпы дебаттардын жүрүшүндө климаттын өзгөрүүсүнө токтолуп, БУУнун алдында тоо-токойлорун сактап калуу боюнча программаны кабыл алуу жана тоолуу өлкөлөрдүн климатынын глобалдык жылуусу менен күрөшүүнү колдоо боюнча фондду ачууну демилгеледим. Буга БУУнун сессиясында кененирээк токтолмокчумун. Ушул жана башка дүйнөлүк масштабдагы маселелерди талкуулоо максатында келээрки айда Глазго шаарында жолугушууну сунуштайм", — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Жапаров Гутерришке чың ден-соолук жана бакубатчылык, иштеринде ийгилик каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости