www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин коронавирустук инфекциядан болгон чыгашаларды Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды. Бул тууралуу ал Валдай клубунун XVIII-жылдык жыйынында айтканын “Лента.ру” сайты жазат.
Путин дйнөдө 4,9 миллиондон ашуун адам COVID-19 илдетинен каза болгонуна токтолуп, "Бул коркунучтуу санды салыштыра келгенде, Биринчи дүйнөлүк согуштун негизги катышуучуларынын арасындагы аскердик жоготуулардан да ашып түшөт", - деди.
Ошондой эле, Орусияда коронавирус боюнча абал оор экенин, илдеттин таралышы тездеп, эмдөөнүн деңгээли төмөн бойдон калып жатканын айтты.
Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган 243 миллиондон ашык учур катталган. Ал эми жоготуулар 4 миллион 940 миңден ашты.
COVID-19дун катталуу учурлары жана өлүмдөр боюнча АКШ биринчи орунда. Андан кийин Индия менен Бразилияда илдет көп катталууда.
АКШ - 45,3 млн учур, 733 миң өлүм;
Индия - 34,1 млн учур, 453 миң жоготуу;
Бразилия – 21,7 млн учур, 605 миң жоготуу.
Белгилей кетсек, Тажикстанда расмий маалымат боюнча, коронавирустан 125 гана адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg