www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Любовь Соболь президент Владимир Путиндин «кылмыштуу режимине» жана кеңири жайылган коррупцияга каршы күрөштү улантаарын билдирет. Бул тууралуу ал 21-октябрда «Настоящее время» телеканалы менен видеобайланыш аркылуу курган маегинде айтты.
«Мен өзүмдү коопсуз сезип жатамбы? Албетте, жок. Менимче, Путиндин «кылмыштуу режими» менен күрөшкөн бир да адам өзүн толук коопсуз сезе албайт», - деди ал.
Соболь өз маегинде Алексей Навальныйга Сахаров атындагы сыйлыктын берилишине комментарий берип: «Бул наам оппозиция лидеринин түрмөдөн бошотулушуна өз салымын кошот», - деген ою менен бөлүштү.
Камактагы орус оппозиция лидери Навальныйдын жакын санаалашы Соболь август айында Орусиядан чыгып кеткен. Ага чейин Москва соту Соболду уруксатсыз митингдерге чакырык жасаганы үчүн күнөөлүү деп тапкан. Анын ысмы, ошондой эле, Орусияда издөө салынгандардын базасына киргизилген. Соболь - азыр ал кайда экенин ачыктоодон баш тартты. Айрым маалымат каражаттары - ал Эстонияда баш калкалаганын жазган.
Булак: NazarNews.kg