www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров дагы бир жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндөгү» жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу, бөгөт коюу жана нейтралдаштыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында «Улуттук коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы №4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоору жөнүндө» чечимине ылайык токтом кылынат:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы бекитилсин.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенип, концепцияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, министерликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар: — практикалык иште жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылууга тийиштүү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгууда концепциянын жоболорун жетекчиликке алсын; — Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылсын.

- Министерликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары эки айлык мөөнөттө тиешелүү чөйрөлөрдөгү коопсуздуктун максаттуу индикаторлорун аныктоо менен кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун тармактык, региондук жана ведомстволук программаларын (доктриналарды, концепцияларды, пландарды) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен макулдашуу боюнча аларды бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жана Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү концепциянын жоболорунун жана иштелип чыккан программалардын ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координацияласын жана мониторинг жүргүзсүн.

- Кыргыз Республикасынын президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун концепциясы жөнүндө» жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости