www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Айнура Эсеналиева: “Көрүүчүнү ишендирүү кыйын...”

Театр-жашоо күзгүсү

Чыныгы талант чыгармачылыктын жолуна кокусунан келбейт. Бүгүнкү каарманым Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын алдыңкы актрисасы Айнура Эсеналиева болду. Актриса режиссёр М.Сагынбаев койгон Ч.Айтматовдун "Кылым карытаар бир күнүндө" – Айзада,  Ж.Садыковдун "Адам жана азезилинде" – Обо эне, Ж.Кулмамбетовдун" Каргыш тийсин Жаныл мырзасында" – Жаңыл мырза", “Талант жана тагдырында" Мед айым жана Б.Кыдыкееванын жаш кези, режиссёр К.Касенов койгон драматург М.Тойбаевдин "Манап бийинде" – Гүлүкан,  драматург Ч.Калыбекованын "Үмүтүндө" – Касиет, режиссёр З.Аклаева койгон А.П.Чеховдун "Сунушунда" – Наталья Степановна, режиссёр Э Борисова койгон А.Саиддин "Келиндер козголоңунда" – Лютфи Бабаева жана башка образдарды катыра ойноп келет.

-  Спектакль - бул жандуу дүйнө. Эгер көрүүчү спектакль менен кошо жашай алса, анда ошол актёрдун эмгеги деп билсек болобу?

- Албетте, бул режиссердун,  актердун, сүрөтчүнүн  ж.б.    эмгеги.  Театр – коллективдүү  искусство.  Спектаклди  жаратуу үчүн көптөгөн адамдардын  эмгеги  кетет. Бирок  спектакль  жандуу  болгондуктан,   негизинен  спектаклдеги каарманды ынанымдуу аткарган актёрдун чеберчилиги да зор роль ойнойт. Кандай спектакль болбосун, өз образды көңүлүңдөгүдөй элге жеткиликтүү чыгаруу үчүн, андан калса көрүүчүнү ишендирүү үчүн репетицияга 1 жарым  же 2 ай керектелет.

- Белгилүү болгондой адам өзүн-өзү сындагандан  өтөөрү жок экен. Конкреттүү бир образыңыздан өтөөсүнө жетпей калып уялган учурларыңыз болгон беле?

- Ар бир спектаклде улам ойногон сайын образга кириш кыйын. Кээде таптакыр эле образды чыгара албай калган учурлар болот, ошол учурда биринчи кезекте көрүүчүдөн, анан партнёруңдан  уяласың. Мен дайыма образдамын  деп айтыштан алысмын.

-  Эки таланттуу үй-бүлө курса түйшүгү көп болобу же…?

- Түйшүк демекчи, турмуш куруунун өзү түйшүк да. Жолдошум Максат Сарбаев экөөбүз бир театрда иштейбиз, ал музыка бөлүмүнүн башчысы. Борборго жаңыдан келгенде батирде жашап, кыйналган күндөр көп болду. Жол киреге тыйын мында турсун, нан алганга тыйын жок, АК-Өргөдө жашаган КР эл артисти Дамира Баратбаева эженин үйүнө жөө барып, тыйын сурай албай, араңдан 20 сом сураганым эсимде. Кийин бир фестивалдан жолугуп учурашып калсак, деги ошол 20 сомду берген белем деп боор эзилгенче күлгөнбүз. 

Чын-чынында бул турмуш түйшүгү ар бир жанда бар. Чыгармачыл адамдардын баш кошконунда түйшүгүнөн да жыргалчылыгы көп. Буга бир мисал, чыгармачыл үй-бүлөнүн сакталышы баарынан дагы бир-бирине түшүнүү менен мамиле кылуу, ошондой эле бир-бирине болгон ызааты, сый-урматынан улам үй-бүлөнүн бекемдиги жана кубаттуулугунан кабар берет. Анткени, жумушта гана эмес, үйдө дагы бир-бирибизге кеп-кеңешибизди айтып ошол спектакль боюнча талкуулайбыз.

-  Өмүрлүк жолдошту көтөргөн да, түшүргөн да аялзаты. Айрыкча, атак-даңк күткөн чакта үй-бүлөнү сактап калуу кыйын дешет...

- Туура. Үй-бүлөнү сактап калууда аял чоң роль ойнойт. Өзүбүздү өтө атактуу деп сезбегендиктенби, үй-бүлөдө аял киши көтөрүмдүү болсо, ынтымакта жашап кете алышат деп ойлойм. Аял бузулса - аалам бузулат, эне бузулса - эл бузулат деген кыргыз. Андыктан, азыркы жаштарга айта кетерим үй-бүлөнүн тынчтыгы аялзатынан көз каранды.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости