www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды.

Ниязбеков премьер-министрге коомдук коопсуздукту орнотуу боюнча учурдагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, миңден ашуун милиция кызматкери республиканын шаарларында жана райондорунда күн сайын күзөткө чыгууда.

Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту орнотуу боюнча натыйжалуу иштерди күтүп жатканын белгиледи.

«Коомчулук тарабынан ички иштер органдарынын дарегине сын-пикирлердин өсүп жаткандыгына карабастан, ИИМ ачык-айкын ишти улантуусу зарыл. Ал биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Биз жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин кайтарууга жетишүүбүз керек», — деп белгиледи президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров мерчемделген реформаларды натыйжалуу аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, министрликке бир катар тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости