www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров эртең, 9-ноябрда, бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров облустагы социалдык объектилерди жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт.

Муну менен бирге укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.

Ошондой эле премьер-министрдин Нарындын эли менен жолугушаары маалым болду.

Эске салсак, Садыр Жапаров буга чейин Баткен, Ош менен Жала-Абад облустарынан кабар алып келген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости