www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жо Байден америкалыктарга кайрылуу жасап, президенттик шайлоодо ишенимдүү артыкчылык менен жеңгенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Өлкө эли бизге ачык жана ишенимдүү жеңишти ыйгарды", — деген Байден кайрылуусунда.

Ал буга чейинки Америка лидерлеринен айырмаланып калк арасында эң көп добуш алганын кошумчалады. Демократтын айтымында, аны 74 миллион жаран колдогон.

Мындан тышкары, Байден өзүнүн саясатынын артыкчылыктуу багыттары COVID-19, экономика, климат жана расизмге каршы күрөшүү экенин айткан.

Белгилей кетсек, Байден ишемби күнү АКШнын президенти болуп шайлангандыгын жарыялаган. Ага чейин Американын ири маалымат каражаттары өз эсептөөлөрүнө таянып, жарышты Демократиялык партиянын талапкери жеңгенин жазышкан. Бирок учурдагы президент Дональд Трамп анын атаандашы бир дагы штатта жеңүүчү деп тастыктала электигин билдирген.

Ал эми Дональд Трамп добуштар "адилет саналмайынча" артка чегинбей турганын белгилеп, позициясын коргоо үчүн сотко дооматтар даярдалып жаткандыгын жар салды.

Кошумчалай кетсек, эгер Жо Байден президенттикке толук түрдө бекип калса, анда ал өлкө тарыхындагы 46ынчы жана эң кары президент болуп калмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости