www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамптын тарапташтары ишембиде шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдиришип, өлкөнүн бир катар штаттарындагы капитолий имараттарынын алдында нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттиктин маалымдашынча, алар "Азырынча бүтө элек!" жана "Уурулукту токтот" деп кыйкырышкан. Бул көрүнүш Атланта, Таллахасси, Остин, Бисмарк, Бойсе жана Феникс шаарларында болгон.

Алар ар кайсы аймактарда ар кандай санда чогулушкан. Айрымдары ачык эле курал көтөрүп жүрүшкөн. Бир катар шаарларда кагылышуулар башталган.

Тактап айтканда, Джорджия штатындагы Атланта шаарында Капитолиянын жанында Трамптын миңге жакын тарапташы "Аны камагыла", айрымдары "Бул аягы эмес!" жана "Фейк жаңылыктар" деп кыйкырышууда. Көчөлөрдөн АКШнын желегин жана Трампты колдогон транспаранттарды көрүүгө болот.

Эске салсак, Байден АКШ президенти болуп шайланганын кечээ жар салган. Буга чейин америкалык бир катар ири маалымат каражаттары өзүлөрүнүн эсептерине таянып, демократтардын талапкери утуп чыкканын белгилешкен. Учурдагы президент атаандашын бир дагы штатта жеңүүчү деп бекитиле электигин айтууда.

Бул арада Дональд Трамп демократтардын өкүлү Байден бардык добуштарды, анын ичинде "бурмаланган добуштарды" санап жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал "Америка эли добуштарды кайра акыйкат санап чыкмайынча токтобойм" деп убадалап, өз позициясын коргоо үчүн сотко арыз даярдап жаткандыгын жарыялады.

Белгилей кетчү жагдай, эгерде Джо Байден шайланып калса, өлкөнүн тарыхындагы 46-президент болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости