www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-ноябрда Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 7-каналга бир жумадан бери саясатчылардын жана коомчулук арасында талкууланып келе жаткан Конституция боюнча суроолорго жооп берди.
Анын ичинде ал айрым саясатчылар боюнча, башкача айтканда Баш мыйзамга жаңы түзөтүүлөргө каршы чыккандарга пикирин билдирди. Анын арасында депутат Каныбек Иманалиев боюнча буларды айтты:
“Каныбек Иманалиев менден кылмыш ишин таппайсыңар деп айтып жүрчү эле го. Анын кылмыш иштери бар экен. Эмне үчүн муну карабайсыңарбы?, – десе анын депутаттыгынан коркот экен. Өзүнүн кылмыш иштерин билбей кыйкырып эле оппозиция болуп жүрчү экен. Ал коррупциялык иштери бар экенин өзү деле жакшы билет. А бирок баягы асылса, анан кийин алып барып камап койсо элге жакшы болуп көрүнүп калат экен”, – деди Жапаров.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште Каныбек Иманалиев “Мага кылмыш ишин табуу – Нарын дарыясынан крокодил табуу менен барабар”, – деген сөздү айткан.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда президенттин пайдасына жаңы ченемдерди киргизген Конституциянын долбоорун коомдук талкууга 80 депутаттан турган топ сунуштаган. Референдумду президенттик шайлоо менен катар 10-январда өткөрүү сунушталууда, бирок эксперттер Конституциянын долбоорун даярдоо жана аны кабыл алуу татаал процедура жана алты айга созулушу мүмкүн деп түшүндүрүшкөн.
Ошол эле учурда, депутаттар аны толук изилдебей туруп, кол коюшканын айтып Садыр Жапаровду сындап чыгышкан. Алардын арасында Каныбек Иманалиев дагы бар.
Булак: NazarNews.kg