www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыштын даамын кыргыздын даамынан өйдө көргөн батышчыл Сүйүнбек Касмамбетов президенттин аппаратын жетектеп турганда эркек эркекке, аял аялга үйлөнө берсе өөн учурабайт. Бул бүгүнкү саясат, анткени Касмамбетовду оозандырып жаткан Батыш, айрыкча Улуу Британия эч качан башкаларга жакшылык каалаган эмес. Өткөн кылымдарда Англия деген ат менен белгилүү болгон бул аристократтар Сүйүнбек Касмамбетов сыяктуу байлыктын кызыкчылыгы менен өз элин курмандыкка чала тургандарды пайдаланып дүйнөнү өзү ээлеп алган. Анын колониясы болгон «янкилер» кийин бөлүнүп өз алдынча оокат кылганы менен англичандардын башка улуттарды жек көрүү сезимдерин сиңирип алган. Ошондуктан, англиялыктар менен америкалыктар өздөрүн бийик сезишип, ар бир эл бөлүнүп жарылып, башаламандык, чыр-чатактар болуп турушун тилейт. Англия башында турган Батыштын үгүт-насааты ар бир элди өз каада-салтын унуттуруп, маңкуртка айлантып, үй-бүлөлүк калыптанып калган эркек аял мамилесин бузуп, жаңыча батышчыл эркек менен эркектин, аял менен аялдын нике кыйышын, гомосексуализмди, пидарасизмди, лесбиянканы жана ушул сыяктуу жат көрүнүштөрдү демократияга шылтоолоп колдойт. Сүйүнбек Касмамбетовго окшогон кыргыз элинин каада-салтын уруп ойнобогон маңкурттарды акчага сатып алышып өз элинин каада-салтына каршы коюшат.
Садыр Жапаров 2021-жылдын 10 январындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Жапаров улуттук сезимди козгоп кыргыз элинин келечегин коргойм деп элдин добушун алды. Кызык, анда эмнеге Сүйүнбек Касмамбетов сыяктуу Батыштын жаман адаттарын туу кылып жүргөн адамдарды президенттик аппаратын жетектетип турат. Эски СССР мамлекетинин тонун жамынып бөлүнгөн мамлекеттер бир топ саясий дүйнөлүк уюмдарга биригишкен. ШКУ (ШОС), ЕврАзЭК, ЖККУ сыяктуу залкар уюмдарга Кыргызстан мүчө. Жалпы идеялык багыт боюнча бул уюмдар АКШ, Англия башында турган НАТО сыяктуу согушчул уюмдарга атаандаш турат. Эгер президент Садыр Жапаров аппарат жетекчисине Сүйүнбек Касмамбетовду калтыра турган болсо, Кыргыз Республикасы эки ача саясат жүргүзгөн катары эсептелинип калат. Биринчиден, ал Орусия башында турган НАТОго атаандаш ШКУ (ШОС), ЕврАзЭК, ЖККУ сыяктуу залкар уюмдарга мүчө. Экинчиден, Сүйүнбек Касмамбетов сыяктуу батышчыл НАТОнун айткандарын жан-дили менен аткарган адамдарга президенттик аппаратты жетектетип койгон. Ошондуктан, 28- январда өтө турган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына атаандаш ШКУ (ШОС), ЕврАзЭК, ЖККУ сыяктуу залкар уюмдарга мүчө Орусия, Кытай, Беларус сыяктуу мамлекеттердин жетекчилери Владимир Путин, Си Цзинпинь, Александар Лукашенко сыяктуу дүйнөлүк лидерлер жолоп да коюшпайт. Ал эми Касым-Жомарт Токаев, Шавхат Мирзёев, Эмомали Рахмон, Бердымухамедов Гурбангулы сыяктуу кошуна лидерлер келиши күмөн. Албетте, мурун мамлекетти башкарып, азыркы учурда салтанаттарга катышкандан башка иштери жок Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, Нурсултан Назарбаев сыяктуу экспрезиденттер келери бышык.
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болгон. Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган. Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды. Президенттикке 17 талапкер ат салышкан. БШК Садыр Жапаров президенттик шайлоодо женгенин расмий жарыялады. Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда, саат 11.00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өткөрүү боюнча долбоордо бюджеттен 15 млн сомго жакын акча каралган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg