www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука районундагы «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты
Андан соң Жапаров Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын эли менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров чек ара маселелерин чечүү, коррупцияга каршы күрөш жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берди.
Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, Өзбекстан Республикасы дагы чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар. Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКга кошуларын, эми чек ара маселеси менен атайын кызмат иш алып барарын кошумчалады.
Садыр Жапаров жер казынасын пайдалануу тармагы боюнча берилген суроолорго жооп берип жатып, бул тутумдун мамлекеттин экономикасында олуттуу орду бар экенин белгиледи.
«Бир эле мисал «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы боюнча маалымат менен бөлүшө кетейин. Компаниянын божомолу боюнча, толук кандуу иштеп баштаганда бюджетке 63 млн доллар берип турат. Бул чоң сумма. Чаткал районуна 3 млн 570 миң доллар берүү милдетин алган. Мындан тышкары 20 млн доллар «Кыргыз алтын» дивиденд катары алат. Бул мамлекеттик ишкана. Менин пикиримде, мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керек», - деди Жапаров.
Жолугушууда жол маселеси дагы көтөрүлүп, бул боюнча Садыр Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын конкреттүү тапшырмаларды берди.
Булак: NazarNews.kg