www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн эмнеге баш тартты?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эмдөөнүн кажети жок. Анын антителолору бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Президенттин жакшы антителолору бар. Эмне үчүн ал эмдөөдөн өтүшү керек? Ал эми биз жалпы эмдөөнү эртең менен баштайбыз, мен биринчи дозаны алам. Менин антителом жок. Мен ооруган эмесмин", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бейшеналиев өзү вакцинаны дүйшөмбү күнү, 29-мартта алууну пландап жатат.

Эске салсак, 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын баштайт. Вакцинацияны баштоо фазасы Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Чүй облусунда башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости