www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

ДСУнун ишмердүүлүгү жана өлкө калкынын саламаттыгын чыңдоого багытталган саламаттыкты сактоо жаатындагы жигердүү кызматташууну мындан ары улантуу боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы пандемияга каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ДСУга ыраазычылыгын билдирип, аталган уюм Кыргызстанда коронавирус инфекциясына даярдык көрүү жана алдын алуу багытында секторлор боюнча ведомстволор аралык планды иштеп чыгууда маанилүү роль ойногонун белгиледи.

Садыр Жапаров ДСУнун Европадагы регионалдык бюросу менен кызматташууга оң баа берип, кыргыз тарап уюмдун саламаттыкты сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн стратегиялык максаттарын колдоорун белгиледи.

Президент эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен калктын муктаждыгына жараша саламаттыкты сактоо жаатында кызмат көрсөтүүнү пландоо жана каржылоо механизмдерин өркүндөтүүдө ДСУнун мындан аркы жардамына үмүт артарын билдирди.

Ошондой эле ал санариптик саламаттыкты сактоону ишке киргизүү, жарандарга психикалык саламаттыкты сактоо жана психосоциалдык колдоо боюнча саясатты өркүндөтүү, калкты эмдөө жолу менен алдын ала турган ооруларды жоюу жана сергек жашоону үгүттөө жаатында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы кыргыз тарап жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, кадрдык жана илимий потенциалды чыңдоо, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө натыйжалуу кадрдык саясатты калыптандыруу боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын кошумчалады.

ДСУнун регионалдык директору Ханс Клюге Кыргызстанга акыркы жолу келип кеткенден бери өлкөдө саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

Ал Кыргызстанда саламаттык сактоо системасын реформалоо жана өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн айтып, «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкта көрсөтүлгөн чаралардын өзгөчө маанисине токтолду.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө калктын саламаттыгын сактоо жана коронавирус инфекциясына каршы эмдөө артыкчылыктуу багыт болушу керек.

Ал ошондой эле медицинаны өнүктүрүү үчүн санарипке өтүүнүн маанисин айтып, ДСУ бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Ханс Клюге баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү реформалоодогу алгылыктуу жетишкендиктерди канааттануу менен белгилеп, бул багытка мындан ары дагы көңүл буруу зарылдыгына токтолду.

ДСУнун Европадагы регионалдык бюросунун директору жигердүү кызматташууну улантууга даяр экенин айтып, өлкөдө эмдөө иштеринин башталганына канааттанганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости