www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Соттордун жаш курагы боюнча дагы өзгөртүүлөр кириши керек” - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Жогорку соттун судьяларын саны 7-9 дан ашпаш керек. Аларды президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш шайласа, Аппеляциялык соттун судьяларын президент өзү бекитсе, ал эми жергиликтүү сотторду, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү – райондук кеңештин депутаттары акимдердин сунушу менен бекитсе, биз, көз каранды эмес сот системасын түзүп, бул тармакта кардиналуу сот реформасын ишке ашырмакбыз. Мындай реформатарлык ишибиз, элибизге да жакшы болуп, бүгүнкү кемчиликтерди түп тамыры менен жойгонго, соттордун көз каранды болбой иштешине, сот кадраларынын өсүшүнө, жыйынтыгында мамлекеттин ички стабилдилүүгүнө жана өлкөбүздө мыйзамдуулуктун үстөмдүүлүгүнүн орношуна багыт алмакбыз. Ушуга байланыштуу, “Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешти”, таптакыр жоюу керек, себеби бул өзүнчө, эч кимдин алдында жоопкерчилиги жок “мите курттай” орган, коррупциялык тобокеличиликтердин уюгу. Муну, бизге караганда ошол кеңештен “өткөн” судьялар өтө жакшы билишет. Конституцияда, жазылган соттордун жашынын курагы боюнча дагы өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек”, - деди Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости