www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, элге кайрылуу жасады. Анын жүрүшүндө өлкө башчы эгемендүүлүктүн отуз жылдыгынын алдында кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөрөрүн билдирди.

«Эгерде биз жүүнү бош, дарамети тайыз мажүрөө эл болсок, анда тарыхтын тегирменинде калып, ың-жыңсыз жоголгон эчендеген элдер сыяктуу эле эбак атыбыз өчүп, жок болмокпуз. Бирок биз кең Евразиянын мейкиндиктеринде, ондогон кылымдар бою «кыргыз» экенибизди унутпай, жемибизди жедирбей, өз шыбагабызды көшөрүп талашкан өжөр элбиз. Цивилизациялар чектешкен, түркүн маданияттар ашташкан жердин чок ортосунда жашап жатабыз.

Демек, кыргыз ааламын таанып, өз жолубузду, башкача айтканда, экономикалык моделибиздин өзүбүзгө ылайык ыгын табуу зарыл. Ийри отуруп, түз кеңешип, алдыбыздагы ушул улуу мүдөө-максаттын оош-кыйыш маселелерин талкуулап алуу үчүн эгемендүүлүктүн отуз жылдыгынын алдында кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөрүүнү эп көрүп турам. Ар бир эл өзү аздектеп ардактаган дөөлөттөрдүн негизинде гана өз турмушун уюштурат. Биздин элде эзелден туу тутуп жашаган эки баалуулук бар, алар — эркиндик жана акыйкаттык.

Баарыбыз чогуу жакында эле анык көрдүк, күн сайын көрүп жатабыз — эл адилетсиздикке чыдай албайт, укуктарын чектеген жашоого макул эмес. Биз «табигый башкаруу», «улутубуздун табиятына жараша башкаруу» концепциясын киргизебиз. Анын негизги жобосу — ар кандай чечим кабыл алуудан мурда жарандардын кызыкчылыктарын алдын-ала макулдашып алуу. Дал ушул себептен улам биз Конституцияга Курултай институтун киргиздик», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости