www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын лидерлеринин сүйлөшүүсү түрк тараптын демилгеси менен өттү. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле аймактагы учурдагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанда болуп жаткан окуяларды талкуулашты.

Эске салсак, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. 4-5-январда Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болду. Бүткүл өлкө боюнча алар интернетти өчүрүп, бир катар телеканалдарды көрсөтүүнү убактылуу токтотушту.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Ал ЖККУдан «террордук коркунучту жеңүүдө» жардам сураганын айтты. Уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү ниетин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости