www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту мөңгүлөрдү талкалаган бизнес-ишмердүүлүккө биргелешип каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-октябрда, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) алдында уюштурулган Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү конвенциянын мүчөлөрүнүн бешинчи кеңешмесине (КС-15) жасаган видеокайрылуусунда айтты.

«Чет өлкөлүк инвесторлордун абийирсиз ишинин натыйжасында биздин тоолорубуз менен дарыяларыбыздын флорасы менен фаунасынын байлыгына доо кетирген кылымдык мөңгүлөрдүн талкаланышына өзүнчө токтолуу керек. Биз биргеликте мындай бизнес-практикага каршы турушубуз керек»,- деди Жапаров.

Мөңгү маселеси Кыргызстан үчүн актуалдуу. Кумтөр алтын кенин иштетип келген канадалык «Центерра» компаниясын кыргыз өкмөтү быйыл мөңгүлөрдү талкалаганы жана экологиялык зыян келтиргени үчүн деген айып менен сотко берген. Компания мындай дооматтарды четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости