www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-декабрдан баштап күчүнө кире турган кодекстен тергөө менен кызматташуу деген норма алып салынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиргендей, президент адам укугу ыйык экенин эске салды.
"Себеби кылмышка шектүү катары каралган адамдардын бири кызматташууга макул болуп кылмыш жөнүндө маалымат берсе, адамдын күнөөсү бар же жок экени такталбай туруп жоопко тартылып кеткенине күбө болуп жатасыздар. 2019-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жаткан бүгүнкү кодекстерди ким даярдаганы жана кимдер кандай кабыл алдырганын жакшы билесиздер. Элдин кызыкчылыгына карама-каршы келген кодекс", — деди Жапаров.
Ал бүгүнкү кодекс бийлик адамдарына гана жардам берет деген пикирин айтты.
"Бийлик өзүнүн саясий оппоненттерин же болбосо көңүлүнө жакпаган адамдарын бүгүнкү кодекс менен каалагандай каматып ийсе боло берет. Башыбыздан дагы өттү. Биз мунун баарын жок кылып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган нормаларды киргиздик", — деди ал.
2019-жылы күчүнө кирген кодекстерге ылайык кылмыш иштерин тергөөдө "тергөө менен кызматташуу" механизми пайда болгон. Ал Жазык-процессуалдык кодекстин 492-беренеси ("Кызматташтык жөнүндө процессуалдык макулдашуу") менен ишке ашчу.
Булак: NazarNews.kg