www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башыдан №33 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Шаршенбек Абдыкеримов өзүнүн талапкердигин алып салды. Бирок, жакшы нерсе шайлоого шылтооолоп күйөө бала тандоо «кастингин» өткөзүп күйөө балалуу болуп алды. Чындыгында, эмне себептен Шаршенбек Абдыкеримов талапкердигин алып салды? Шайлоочулар менен жолугушуудан соң Шаршенбек Абдыкеримов күтүүсүздөн алдыдагы шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын жарыя кылды. Ал нарындыктарды бир мандаттуу округ боюнча Алмазбек Баатырбековго, ал эми партиялык тизме боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жаныбек Исаевге добуш берүүгө чакырды. Шаршенбек Абдыкеримовдун жүрөгүнүн сары суусун алып, уктаса түшүнө кирип жүргөн талапкер Алмазбек Баатырбеков эмес, Салымбековдор экенин шайлоочулар жакшы билишет. Бул шайлоо округунан Салымбековдон качып, Бишкектеги Ленин округунан талапкер болгон ат-башылык Камчыбек Жолдошбаев тоңкойду. Эми Шаршенбек Абдыкеримов өз талапкердигин алып салды. Салымбековдор үчүн Алмазбек Баатырбеков деген ким? Учурда Салымбековго добуш бере тургандардын саны арбып, Алмазбек Баатырбеков тууралуу эч ким деле коркунучтууойлорго баткан жок.
2021-жылдын 19-ноябрында Ат-Башы айылында №33 Нарын шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Шаршенбек Абдыкеримовдун катышуусунда эки иш-чара болуп өттү. Депутаттыкка талапкер шайлоочулары менен жолугушуу менен катар, буга чейин жарыялангандай, өзүнүн кызы үчүн күйөө бала тандоо «кастингин» да өткөрдү.
Баштапкы этапта кастингге өлкөнүн ар кайсы облустарынан үч жүздөн ашуун өтүнмө келип түшкөн. Жыйынтыгында Ат-Башыга өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүп, айырмалана алган 10 жаш жигит келди. Шаршенбек Абдыкеримов онунун ичинен кимди тандаганы айтылар, бирок депутаттыкка талапкердигин алып салды. Өзүнүн мындай чечимин ал «ар ким өз иши менен алектенүүсү керек» деп түшүндүрдү. Ал ошондой эле өзү «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү экендигин жана ушунун өзү ага өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бийик жоопкерчиликти артаарын белгиледи.
Ошону менен бирге ал район жана облус тургундарына мындан кийин да ар тараптуу жардамын уланта берерин, спорттун өнүгүүсүнө көмөктөшөөрүн жана бир катар жаңы ишканалардын ачылышына даярдык көрүлүп жаткандыгын билдирди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg