www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров орус тили боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот.
Мындан сыркары, биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланыш менен карым катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес.
Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек",- деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости