www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборунун өкүлү менен маек куруп, региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу суроолорго жооп берди. Президенттин басма сөз кызматы ал маекти жарыялады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Баткен облустук медиа борборунун өкүлү эмне үчүн Министрлер кабинетинде Баткен облусунан бир дагы мүчө жок экенине кызыкты.

Садыр Жапаров: - Эмне Баткенден министр болсо эле Баткенди гүлдөтүп жибереби? Гүлдөтсө, 30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберишкен жок? Тескерисинче сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерибизди кайра кайтарабыз деп, ошолордун азабын тартып жатабыз.

- Анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар?

Садыр Жапаров: -Ар бир иштин өзүнүн бүтчү убагы болот. Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда сурака ала албайсың. Шайлоодон кийин сурака алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек.

Силер баткендиктер министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости