www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сизди “Арман” тасмасы аркылуу таанышат. Ошол тасмага кандайча тартылып калдыңыз?

- Мен Москвада театралдык окуу жайда окуп жатып, мекениме эс алууга келгенмин. Жаш Гвардия көчөсүндө С. Жумадыловдун уулу досум Канат менен баратсак кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевди учуратып калдык.

“Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, “Арман” тасмасындагы башкы каарман мага буюруптур. Ч. Айтматовдун “Уулу менен жолугушуу” повестинен алынган. Кыргыз адабиятын ааламга тааныткан, улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган тасмага түшүүнүн өзү бакыт эмеспи.

- Кайсы залкарлар менен бир тасмада тартылып калдыңыз?

- Бүтүн дүйнө кенедей өлкөбүздүн маданияттын бул жаатындагы ийгилигине кол чаап турду! Чыгаан киорежиссёрлорубуз Б. Шамшиев жана Д. Садырбаевдин тасмаларына тартылып калганым мен үчүн чоң сыймык.

1986-жылы Прежевальск (Каракол) шаарында уникалдуу таланттуу актриса Бакен Кыдыкеева менен “Түркүн тагдырлар” тасмасында роль жараттым. Бакен эже менин апамдын образын аткарды. Тасмада тартулуу учурунда улуу актрисадан абдан сүрдөгөнүм дале да эсимде.

Бакен эже сүйлөшө келсең абдан боорукер, асыл сапаттарга ээ мыкты инсан экен. “Арман” тасмасында менин атамды аткарган казактын үлкөн актёру Жантурин дагы өзгөчө сыйга ээ күчтүү таланттын эгедери эле. Кийинки актёрдук чеберчилиме таалим-тарбия берип, зор таасир калтырган Жантурин менен жашоодо дагы ата-баладай мамиледе болуп жүргөнүмдү эстеп бир кубанып аламын.

- Союз доорунда сиз “Мосфильм” киностудиясында көп тартылып калган экенсиз. Ошол туурасында айта кетсеңиз...

- Ооба, ошол кезде ар бир жылы Россиянын тасмаларына тартулчумун. Болгондо дагы башкы каармандарында аткарчумун. Биздин гүлдөп турган жаш курак ошол Союз учуруна туш келеген экен. Азыр ошол элестүү ажайып күндөрүмдү эстеп бир жылмайып аламын. Көрсө, биздин жаштыгыбыз укмуштуудай доордо өкүм сүрүп калган экенин сыймыктануу түрдө айта аламын.

Мен орустилдүү актёр болгондуктан мени ошол Союз доорунда орустун кинорежиссёрлору өз киностудияларына көп чакырып тартып калышты. Ал убак такыр башка доор, башка коом эле. Кино жаатына келсек, мыкты актёрдун улутуна карабайт эле.

1987-жылы Киев киностудиясында тартылган Шмилицскийдин “Тундранын ак бугусу” тасмасында жердешим Талгат Нигматуллин экөөбүз чогу тартылып калдык. “Бөрү зынданда” тартылганда жакындан тааныш эмес элек. Бөтөн жерде жердештер биртуугандай эле болуп калат экенсиӊ.

- Бир топ тыныгуудан соӊ, кайрадан тасмалардан сизди көрүп калчу болдук...

- 2001-жылы тартылган Ахмадеевдин “Юридикалык концультация” сериалында тартыла баштагам. Андан кийин акын Жолон Мамытовдун уулу Азамат ар кандай клиптерге, роликтерге тартып калып жүрдү. Бул бала өзү жаӊыча ыкма менен иштейт. Азаматтын башкалардан айырмаланып турган өз почерки бар талантту режиссёр. “Уул”, “Арзы”, “Үркүн”, “Бажарики” жана башка кыргыз тасмаларда тартылып келе жатамын.

- Атанын сүрү өзгөчө дешет...

- Мен шаардын так ортосунда интелегенттердин үй-бүлөсүндө тарбиялангам.

- Атам Аралбаев Эркинбай 1941-1947-жылга чейин согушка катышып, полковник наамын алып кайткан. Союз доорунда Ак үйдө партия комиссиянын төрагасы болуп көп жылдар бою эмгектенген.  Атам менин адам болуп калыптанышыма үлгү болду. Атамдан башка насаатчы, кеӊешчи жок бул дүйнөдө. Апам Сулайманова Астай өмүр бою мугалим болуп математика, геометрия, кыргыз тили жана адабияты сабактардан берчү.

- Чыгармачылыктын чыйыр жолуу түмөн түйшүктүү эмеспи, өкүнгөн күндөрүӊүз болдубу?

- Менин актёрдук кесипти тандашыма атам гана өмүрүнүн акырына чейин караманча каршы болуп жүрдү. Атам мени өз жолун жолдогон аскердик кесиптен көрчү эле. Бирок, мен өжөрлөнө актёрдукту тандадым.

Чыгармачылыкка баш бакканыма бир чети өзүм дагы таӊ калып жүргөм. Себеп атам тараптан дагы, апам тараптан дагы чыгармачылыкты аркалаган эчким болбоптур. Ошондуктан өнөр баккан адам болом деп үч уктасам дагы түшүмө кирбеген. Бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм.

- Союз доорундагы тасмаларга тартылып калган профессионал актёрдун азыркы тасмаларга берген баасын уксак...

- Акыркы учурда кыргыз тасмасынын өнүгүшүнө жаш режиссёрлордун чыгып жатканы кубандырбай койбойт. Себеби өзүм аралашып тартылып жүргөн соӊ, алар тарткан азаптарды чогуу көрүп келе жатамын. Жаштарды колдошубуз керек. Коммерциялык тартылып жаткан тасмалардын келечеги жаман болбойт.

Себеби ар бир жеке режиссёр же продюсер өкмөттөн бир тыйын да жардам сурабай, өз чөнтөгүнө чыгарып тартып жатпайбы. Кантсе да, алар куру-жалак калбаш үчүн элге жага турган, тарбиялык мааниси тереӊ мазмундуу тасма тартууга белсенип жатышат. Бул тасмалардын келечеги али алдыда.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости